Президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.
Бул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.