
Садыр Жапаров «Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 9-мартында кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты Социалдык фонддун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү болуп саналат