Нарын ОИИБи: Тергөө кызматына 59 жыл

Бүгүн, 6-апрель күнү Тергөө бөлүмүнүн түзүлгөн күнүнө 59 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу иш-чара уюштурулуп,өзүнүн кесибинде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган айрым кызматкерлер сыйланышты.


Нарын ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков тергөө кызматынынын тарыхына токтолуп, куттуктоо сөзүн айтып, ИИМдин төш белгилерин, медалдарын жана Нарын ОИИБнин Ардак грамота, алкыш баракчаларын тапшырылды.
Тергөө кызматы ИИОнун тутумундагы негизги фигура болуу менен башка бөлүктөрү менен өз ара карым-катнашта, мындан ары дагы коомдук коопсуздукту чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн билимин тажрыйбасын жумшай берет жана мыйзам тааласында туура чечим калып, эл алдында берген антына бек туруп, кыргыз эли үчүн күнү-түнү кызматын уланта бермекчи.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 08.45.45 Нарын ОИИБи: Тергөө кызматына 59 жыл
WhatsApp Image 2022 04 06 at 08.45.51 Нарын ОИИБи: Тергөө кызматына 59 жыл
WhatsApp Image 2022 04 06 at 08.45.48 Нарын ОИИБи: Тергөө кызматына 59 жыл
WhatsApp Image 2022 04 06 at 08.45.48 1 Нарын ОИИБи: Тергөө кызматына 59 жыл

Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы.