Депутат Курманкул Зулушевге: Гендердик деген теңчилик кайда?

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.

Депутат Эльвира Сурабалдиева гендердик теңчилик боюнча суроо берди.

“Сиз аялдарга ишенбейсизби? Мырзалар мырзалар менен иштегени жеңил экенин түшүнөм. Бирок карасаңыз эки тарабыңызды бир дагы айым жок. Гендердик деген теңчилик кайда?” – деп сурады депутат.

Курманкул Зулушев: “Менин аялдарга болгон урмат сыйымды билесиз. Парламентте чогуу иштегенбиз. Жетекчи кызматтарга аялдар иштейт. Талас, Нарын облусунун прокурору аял. Бөлүмдөрдүн жетекчи кызматтарында аялдар. Бүгүн бул жерге статистиканы жакшы билген кызматкерлер келди. Муну билгенде эки бөлүмдүн жетекчилерин алып келмек экем”, – деди.