
Бишкектеги «ZooBishkek» реабилитациялык зоопаркында маймыл туулду. Бул тууралуу аталган реабилитациялык зоопарктын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.
«Туулганына эки эле жума болду. Ал дагы эле алсыз. Ар бир 2 саат сайын шприц менен тамак берилип жатат. Балким сиз бул кичинекей бакыраң көздүү кереметти көргөн бактылуулардын бири болосуз»,- деп жазды алар.