Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды

УКМК: Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалды. 

Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.
Кармалган А.Д.Б. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат
5f88360b a499 4593 8df4 97f74bfe94df Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды
a7abd622 4b73 47af 8af1 f0bd720ce9ac Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды
WhatsApp Image 2022 04 05 at 12.37.24 Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды
WhatsApp Image 2022 04 05 at 12.37.25 Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды