Алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн пакистандык кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

5-августа Октярбь РИИБге жаран кайрылып, Пакистандын жаранына чара көрүүнү суранган. Ал 2019-жылдын ноябрь айында Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, Хонда-Жаз унаасынан 3тү алып берем деп, 315 миң сом акча каражатын алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1966-жылы туулган жаран кармалган. Ал камакка алынган. 14-августта сотто бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. Ал соттук отурумдарга келбей койгонуна байланыштуу, сот анын бөгөт чарасын өзгөрткөн. Ошентип, козголгон издөө ишинин алкагында Октябрь РИИБдин издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.