Октябрь иши боюнча суракка Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Алымкадыр Бейшеналиевди чакыруу сунушталды

Биринчи май райондук соту октябрь айындагы окуялар боюнча кылмыш ишин кароону бүгүн да улантууда.

Отурумда Темирлан Султанбеков күбө катарында азыркы президент Садыра Жапаровду, анын туугандары Долон жана Сабыр Жапаровдорду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, ошондой эле Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди чакырууну сунуштады.

Эске салсак, 2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Учурду кармалгандардын көбү абактан чыккан.