Бишкектин Горький сейил багына митингге чыккандарды милиция кармап кетти

 2-апрелде Бишкектин Горький сейил багына митингге чыккандарды милиция кызматкерлери кармап кетти.

Митинг 14:00дө башталган. Саат 14:20лар чамасында Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип, митингдин катышуучуларын таратуу аракетин көрүшкөн.

Активисттердин бири Рита Карасартова Горький гүлбагында митинг өткөрүүгө тыюу салынбаганын айтып, чечимди көрсөтүүнү талап кылды.

Ал эми укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров президент Садыр Жапаров өзү Фейсбуктагы баракчасында «Горький паркында кааласаңар 24 саат бою митингге чыга берсеңер болот» деп жазганын эске салды.

Жыйынтыгында активисттерди милиция автобуска салып алып кетти.

Горький гүл багына чогулган жарандык активисттер «Согушту токтот», «Согушка жол жок», «Путин, согушту токтот» деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, «Путин фашист» деген жазуусу бар плакатты алып салууну талап кылышты.

Милиция 1-июлга чейин митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салган соттун чечими эске салып, тарап кетүүнү талап кылды.