Эл жана турак жай фондун каттоо иши аяктап бара жатат. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов кыргызстандыктарды мамлекеттик өнөктүккө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана каттоого активдүү катышууга чакырды.
«Ишке тартылган жана окутулган кызматкерлер эл каттоонун маанилүүлүгүн билиши жана түшүнүшү керек, жана калган 3 күндүн ичинде кыргызстандыктардан сапаттуу маалыматтарды чогултууну аяктоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек. Бардык маалыматтар жалпыланган, жыйынтыкталган түрдө гана колдонулат», — деп айтылат Улутстаткомдун башчысынын билдирүүсүндө.
Эске салсак, ушул жылы эл жана турак жай фондун каттоо 4-апрелге чейин уланат.