
Чүй проспектисинин Сүйүнбаев көчөсү менен кесилишкен жери 2-10-апрель аралыгында унаалар үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бул күндөрү «АкНазЭлБилдинг» аттуу подрядчы компания жылуулук камерасын куруу менен түтүктөрдү орнотот.
Мэрия айдоочуларды кошумча башка жолдор менен жүрүүгө чакырды.