
Маалыматка ылайык, президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.
Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.