
Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.
Анын айтымында, Токтакунов 30-мартта эртең менен саат 8.30да чыккан.
Эске салсак, жактоочу Нурбек Токтакуновду Биринчи май райондук соту 24-мартта судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган жана 25-мартта камакка алынган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.