
Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулаарын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин катышуусундагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча оперативдүү штабдын жыйынында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, жылуулук абанын суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт.