Жаңы салынган спорт аянтчасынын чатыры кулады

Бишкектин Биринчи май районундагы жайгашкан Мессароша жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан спорт аянтчасынын чатыры катуу шамалдан улам кулап калды.

Бул тууралуу күбөлөр кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал спорт аятчасынын курулганына бир айдан ашык гана убакыт болгон жана ал жерде балдар баскетбол ойношчу.