“Вова байкени жардамга чакырабыз” : Комментарий жазган радио алып баруучу кызматынан кол жууду

Казахстанда “Европа Плюс Казахстан” радиосунун алып баруучусу Любовь Панова Фейсбук баракчасындагы комментарийи үчүн жумуштан алынды.

Facebookта ал орус бийлиги менен макул болбогон казакстандыктарга “Вова байкени жардамга чакырабыз”, деп жазганын “Медиазона” басылмасы жазып чыкты.

Радио расмий түрдө Панова менен эмгек келишимди 28 мартта үзгөн.

Радио алып баруучу Любовь Панова Россия Украинага кол салгандыгынан, буга каршы чыккан казакстандыктарга ” Вова байкени жардамга чакырабыз” деген билдирүүсүнөн кийин угуучулар аны жумуштан алуу тууралуу пикирлерди айтышкан.

“Европа Плюс Казахстан” аталган билдирүүлөр радиого эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.

276175197 5030170540403045 1340925036954009880 n "Вова байкени жардамга чакырабыз" : Комментарий жазган радио алып баруучу кызматынан кол жууду