Уилл Смит “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучуну бетке урду

Голливуддук актер Уилл Смит “Оскар” сыйлыгын тапшырылып жаткан түз эфир учурунда алып баруучуну бетке урду.

Бул тууралуу видео соцтармактарда тарады.

Алып баруучу Крис Рок Уилл Смиттин жубайынын чачы кыска болгондугуна байланыштуу тамаша кылган. “Джейда сени сүйөм, сени “Солдат Джейн эки” тасмасында көргүм келет”, деген алып баруучу.

Бул учурда Уилл Смит ордунан туруп, Крис Рокту бетке урган. Кайра актер ордуна отураарда алып баруучу артынан бир нерсе деп айткандыгын залда отургандар эле укту.

Аземде Крис Рокко Уилл Смит аялына сөз сүйлөбөй, тийишпей туруусун билдирди.

Белгилей кетсек, ал тасмада Деми Мур чачы жок аткарган.

Пинкетт-Смит аутоиммундук ооруга чалдыкканына байланыштуу, анын чачтары түшкөн.

Джада бул ооруну башында эч кимге айтпай жүргөн, бирок акыры күндөрү ачыкка жарыялаган.