Ошто журналист Арзыгүл Галымбетова эскерилди

Ош шаарында журналист Арзыгүл Галымбетова эскерилди. Эскерүүгө журналисттер, маркумдун кесиптештери катышты.

26-мартта 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү Баткен шаарында жерге берилген.

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева аттуу жаран кармалганын Баткен облустук милициясы билдирди.