Кара-Суу райондук сотунун 17-марттагы өкүмү менен Кара-Суудагы жол кырсыкка себепкер болгон делген айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылган.
Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү үч жыл мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 7-декабрынан тартып эсепке алынат. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Шектүү жабырлануучуларга моралдык зыян төлөйт.
Эске салсак, 16-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 660-чакырымында жол кырсыгы катталган. Кара-Суу районунун тургуну — 1986-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц, Кара-Кулжа районунун 35 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Дэу Нексия унаалары Өзгөн багытын карай бара жаткан. Бул учурда Ош шаарын көздөй келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, аталган унаалар менен кагышкан. Кичи автобусту Кара-Суу районунун тургуну — 28 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Ал Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча жүргүнчү ташып иштеген. Кырсыктын кесепетинен 7 адам окуя болгон жерде көз жумса, 3 адам ооруканада каза болгон. Дагы 13 адам ооруканага жеткирилген.
Аталган факты бирдиктүү рестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жогорудагы каза болгон он жаран Мерседес-Бенц Спринтер-313 үлгүсүндөгү эл ташуучу Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча 340-каттамдагы кичи автобустун жүргүнчүлөрү болушкан. Мерседес-Бенц Спринтер-313 үлгүсүндөгү ташуучу Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча 340-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу соттук-автотехникалык экспертизасынын 2021-жылдын 2-декабрындагы чыгарылган корутундусуна ылайык, жол кыймылынын эрежелеринин 11.1-пункт талаптарын бузгандыгы аныкталган.