Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта кол койгону кабарланды.
Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болгон Төрөбаевдин мандатын Абдыбахаб Боронбаев алуусу мүмкүн.
Бирок, азырынча бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Абдыбахаб Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унивеститетин «чарба жумуштары боюнча бухгалтердик учет жана анализ» адистиги боюнча аяктаган.
1996-жылдан тарта Мамлекеттик бажы кызматында ар түрдүү кызматтарда эмгектенген.
Белгилей кетсек, 2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.
Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.