
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
«Битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, битир-садаганы берген учурда 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз»,- деп айтылат маалыматта.
