Экс-президенттин кызы Алия Шагиеванын жаңы сүрөтү коомчулукта чуу жаратты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасында Садыр Жапаровдун сүрөтүн тартып, анда Конституция, акыйкат, чындык, адам укуктары деген жазууларды даарат кагазга жазылган сүрөтүн жарыялады.

Мурдагы президенттин кызы муну менен атасына туура эмес мамиле жасалганын айтты. Аны ич кийимчен сотко алып келингени жана анын денесинде көптөгөн күч колднгондон кийинки тактар калып калгандыгы жана атасынын абалы учурда оор экендигин жазат.

Алия Шагиева атасына тез арада операция жасалуусу керектигин айтып, “бул сүрөттөн кийин мен тууралуу бир нерсе жасалган же айтылган болсо, бийлик креслосун жоготуудан коркуп жаткандыгында болот” деп билдирген.

Тарткан сүрөттүн алдында: “Урматтоом менен эмес, Шагиева Алия” деген жазуу калтырган.

Бул кадамды коомчулук туура эмес көрүнүш катары кабыл алды. Ал эми айрымдар аны колдоп жатышат.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуяларга токтолгон.

«Камакта жаткан Алмазбек Атамбаев жөнүндө ызы-чууну бүгүн көрдүм. “Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат” деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде.

Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип, түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?», — деп жазган президент.

Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.