
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу тууралуу чукул билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 26-29-март күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Аталган министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырды.