Орто Азияда биринчилерден болуп Өзбекстанда океанариум ачылды Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Орто Азияда биринчи жолу чоң океанариум ачылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.”Сыйкырдуу шаар” аталышындагы эс алуу борборунда курулган океанариум жоголуп кеткен тарыхтагы Атлантида шаарына окшоштурулуп жасалган. Анда эс алуучулар өздөрүн океандын астында жүргөндөй сезүүсү үчүн узундугу 20 метрге жеткен тоннель орун алган. Тургундар океанариумду кыдыруу менен жүздөн ашык балыктын түрүн жанынан көрө алышат.Океанариумга кирүү баасы чоң адамдар үчүн 100 миң сум (900 сомдой), ал эми кичинекейлер 75 миң сум (670 сомго жакын).