Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыяндын ордунтолтурду

Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы
Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыяндын ордун
толтурду, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча
аныкталган фактыларды мойнуна алды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, буга байланыштуу А.Кубанычбековго
карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы
төрагасы А.Кубанычбеков тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке
компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө максатында, алар үчүн жеңилдетилген
шарттарды түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен, акча каражатын
пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды
көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды», – деп
айтылат маалыматта.


Мындан сырткары, А.Кубанычбеков жеке баюу максатында, мамлекеттин
кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык
иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра
көтөргөн, деп айтылат маалыматта