
Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда 300-350 орундуу травматология бөлүмү ачылды. Анын ачылышына катышкан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бөлүм демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди.
Демөөрчүлөр арасында өзүнүн баласы бар экенин кошумчалады.
Буга чейин бөлүм мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборуна караган.
4-февралда министр аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштаган. Андан бери бир нече жолу жетекчи алмашып, Памир Муратов 14-февралда башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.


