Марина Овсянникова он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

 Останкино соту «Биринчи каналдын» жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы элди нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты.

Бул тууралуу «ОВД-Инфо» басылмасы кабарлады.

Овсянникова 14-март күнү кечинде «Время» программасынын түз эфирине согушка каршы плакат көтөрүп чыгып, «Согушту токтоткула, пропагандага ишенбегиле, бул жерде сиздерге калп айтып жатышат» деп айтууга үлгүргөн.

Бирок ал бул кадамы үчүн эмес, ага чейин жаздырып коюп, кийин интернетке жарыяланган видеокайрылуусу үчүн административдик жоопко тартылганы кабарланды.

Марина Овсянникова он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.