Майна аттуу ала канат чыйырчыктар, 25 чөө жана 170 сагызган атылды

Жыламыш жана Белогорка капчыгайларында Чүй-Бишкек
мергенчилер жана балыкчылар коомунун кызматкерлери биотехникалык иш-чараларды өткөрүштү.

Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган
коомдун улук мергенчиси Владимир Кочура билдирди.

1326910.d95866adf14401baebe5fb5a2a4bf8f5 Майна аттуу ала канат чыйырчыктар, 25 чөө жана 170 сагызган атылды

1326912.215dee757b7f6f4fd8b669f9ae5b4845 Майна аттуу ала канат чыйырчыктар, 25 чөө жана 170 сагызган атылды


Анын айтымында, Жыламыш жана Белогорка капчыгайларында айлана-чөйрөнү
коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө 300 килограмм жүгөрү чачылган.
Мындай жем кекликтер менен кыргоолдорду гана эмес, туяктуу жаныбарларды —
эликтерди жана жапайы камандарды да өзүнө тартат.
«Жаныбарларды жана канаттууларды эрте жазда төлдөө мезгилине чейин
тоюттандыруу зарыл жана абдан маанилүү.

Ошондой эле жырткычтарга каршы
күрөшүү маанилүү. Себеби, жаныбарлардын жана канаттуулардын тукумун улоо
мезгилинде аларга бир топ зыян келтирет. Ошондуктан, 2022-жылдын 1-
январынан бүгүнкү күнгө чейин мергенчилик жерлерден аңчылар 25 чөө, 50
майна жана 170 сагызган атып алышкан», – деди В.Кочура.
Майна — ала канат чыйырчык. Индистан чыйырчыгы, чыйырчыктар тукумундагы
чымчыктардын бир түрү.