
Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Тагаев Мураталы Абдыкарович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.