“Унаа” мамлекеттик мекемеси гана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп “Унаа” мамлекеттик мекемеси саналарын мекеме расмий билдирет

Унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берген ИИМдин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын тынымсыз жогорулатып, буга байланыштуу “Айдоочулардын курамын тестирлөө”, “Айдоочулардын курамын каттоо”, “Автотранспорт каражаттарын каттоо” сыяктуу бир катар автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыккан. Бул программалар жарандардын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнө барбай туруп эле Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
Биздин мыйзамдарга ылайык республика аймагында жалгыз гана “Унаа” мамлекеттик мекемеси айдоочулук курам жана транспорттук каражаттар тууралуу маалыматтардын негизги ээси болуп саналат.
Ошондуктан социалдык тармактарда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын базасына маалыматты киргизүү менен айдоочулук күбөлүк берилгени тууралуу маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт.
“Унаа” мамлекеттик мекемеси шылуундар жарандарды алдоо же ишениминен кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мыйзамсыз аракеттерге барган учурлар кездешип жатканын эскертет. Жарандардан этият жана жоопкерчиликтүү болуп, жеке маалыматтарын шылуундарга жибербөөнү суранабыз!
Айдоочулук күбөлүк алуу боюнча суроолор боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин ыйгарым укуктуу органына кайрылыңыз, же кеңеш алуу үчүн 63 39 31 ишеним телефонуна чалсаңыздар болот.