Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14- мартта, ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту, – деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

dst 5507 Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен бинес-коомчулугунун жолугушуусунда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тааныштырылып жана талкууланды.

Ошондой эле, ата мекендик экономиканын учурдагы абалы талкууланып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн жолдору белгиленди.

dos 3451 Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.

Президент белгилегендей, «көмүскө» экономиканын жогорку деңгээлде болуусу Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарынан бери келе жаткан чоң көйгөй.

dst 5480 Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкө өзүнүн тарыхынын жаңы барагын ачып жатканын, бул мыйзам долбоорунун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан саясий эрк жана кепилдиктер жетиштүү экенин баса белгиледи.

Ал иштелип чыккан долбоордун бир катар өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Анын ичинде кылмыш куугунтугунан коргоо жаатында мамлекеттик кепилдиктер бекемделген.

«Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын баса белгилей кетүү керек«, — деди президент Садыр Жапаров.

dos 3566 Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баяндама жасап, комментарий беришти.

Өз кезегинде ар кыл тармактын өкүлдөрү болгон ата мекендик ишкерлер бул мыйзам долбоорун практикалык ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын жана көз караштарын ишкерлер Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, „Шоро“ компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, „Үмүт жана К“ ЖЧК башкы директору Кайрат Абдуллаев, „Бишкеккурулуш“ өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК башкы директору Аскар Молдобаев, «Кыргызцентрпродукт» ЖЧК директору Манас Белошаров, «КАС технолоджис» ЖЧК башкы директору Акылбек Мамыров жана башкалар айтышып, анын өз убагында кабыл алынышын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров бизнес тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жооп берип, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

dos 3458 Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушуунун жыйынтыгында президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна («мырзалар келишими») кол коюшту.

Жолугушууга бизнес чөйрөсү тарабынан айыл чарба, курулуш, туризм жана башка көптөгөн экономикалык ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү катышты.