Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшөт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин божомолдоосуна ылайык Бишкек-Ош жолунун 121-чакырымынан 135-чакырымына чейинки жана 198-чакырымынан 255-чакырымына чейинки автоунаа тилкелеринде кар көчкү түшүү коркунучу күтүлүүдө.

Бишкек-Ош автожолунун Чычкан капчыгайында БС-3 артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул иш-чарага тийиштүү кызматтардын кызматкерлери тартылды.


КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү учурунда гана бардык унаалардын кыймылы убактылуу токтотулаарын эскертет. Бул иш-чара 2022-жылдын 11-мартынан 17-мартына чейин жүргүзүлөт.
Ошондой эле ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.


КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы