Салават Ормошев: Кыргызстанда интернет үзгүлтүккө учурабайт

Орус-Украин согушунан улам Орусияда интернет өчүрүлүп, натыйжада анын таасири Кыргызстанга да тийет деген божомолдор айтылып келди. Өлкөдө интернет үзгүлтүгү болбой турганын BULAK.KG маалымат порталына байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Салават Ормошев билдирди.

Учурда байланыш операторлоруна интернеттин чектелиши жана өчүрүлүшү боюнча маалымат түшө элек. Биз дагы жаңылыктардан көрүп бул актуалдуу суроо боюнча талкууларды кылып жатабыз.

Учурда кабатырланууга эч кандай себептер жок. Бардык эле байланыш операторлорунда резервдик каналдары бар. Ал аркылуу абоненттер үчүн үзгүлтүксүз байланыш түзүп берүүгө мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.

Албетте бизге Кыргызстанга интернеттин негизги агымы Орусиядан келет. Өлкөдөгү интернет колдонуучулары пайдаланган трафиктин 75-80% ошол мамлекетке туура келет. Мындан улам биздин операторлор орус жана казак операторлору менен тыгыз байланышта.

Эгер Орусиянын интернетин өчүрүп кое турган болсо, биз ал ресурстарды алардан сырткары Европа, Индия жана АКШдан кыска убакытта алууга мүмкүнчүлүк болот. Андай кырдаал жаралса биздин байланыш операторлор абоненттерге билдирбестен эле чечип кое алышат.