Мирлан Ураимов бошотулду

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен камактан чыкты.

Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Ураимов 10-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган.

Ал эми соттун имаратынын алдына Ураимовдун тарапташтары аны абактан чыгаруу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Эске салсак, УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.