Зайнидин Курманов: Тарыхта Орусия менен Украина мамилеси оңой болбоптур

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Украинадагы согуштун артынан Кыргызстанга кандай коркунучтар болушу мүмкүн деген темада серепчилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жыйналып, талкуу кылышты. Анда саясат талдоочу Зайнидин Курманов төмөнкүдөй оюн билдирди.

“Украинадагы абал боюнча толук картинаны бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу кылып көрүүгө мүмкүн деп ойлойм. Эмкиде мындай жыйындарга алардан да чакырып пикир алмашсак, бизди эмне күтүп жатканы аныгыраак болмок.

Бизде Кыргызстанда жарандык коом өнүккөн деп келебиз, бирок кечээ Орусиянын элчилигинин алдында 20 эле кишинин чыкканын көрдүк. Эгер жүз миң киши чыкса анда башка сөз болор эле. Бизде саясатта да элдин кызыкчылыгына чуркаган миңдеген адам жок.

Бийлик аткаруу, сот жана мыйзам чыгаруу бийликтеринде экендигин айтып, ошол алкакта эле тыгылып кармалып турабыз, президенттик башкаруу туура эмес экендигин кайталап эле жатабыз. Бирок алдыга жылуу болбой жатканы анык.

1-мартка чейин мен дагы мындай согуш чыгып кетерине ишенген эмесмин. Бирок ошол окуялар болуп кеткенден кийин китептерди ачып бул эки өлкө ортосундагы мамилени карап чыктым. Алардын мамилеси өтө оор болуп келген экен, эч кандай оңой чечилген маселелер болгон эмес.

Коммунисттик эң бир күчтүү мамлекетти куруу планы болсо, мен ал идея үчүн толук күрөшүүгө даярмын. Бирок, Украинанын НАТО уюмуна кошулуусу сымал маселе турганда, андай идея үчүн эч качан салгылашпайт элем”.