Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун камсыздоо багытында тапшырмаларынын жана ИИМдин министри Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Басма сөз кызматынын начальниги Тилек Исаев Ысык-Көл облусунда болуп, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Сулайманов Алтынбек Турдубаевич жана Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнын начальнигинин орун басары Тимур Кадыров, Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнын ЖКК жана УКТ бөлүм начальниги Аким уулу Мирлан менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Сулайманов Алтынбек Турдубаевич менен Ысык-Көл облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алуу профилактикалык иштерди күчөтүү жагы талкууланды.
Облустун аймагында жетишпеген жол белгилерин орнотуу, жол чырактарын көбөйтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында кызматтык унаалар алынып, Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБга да бардык жабдыктар менен жабдылган 8 жаңы унаалар жана бүгүнкү күндүн талабына жооп берген унаалардын ылдамдыгын өлчөөчү атайын техникалык каражаттар берилди.
КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы