Муратбек Иманалиев: Кыргызстанда жарандык коом күчтүү дейбиз, реалдуулук андай эмес

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Украинадагы согуштун артынан Кыргызстанга кандай коркунучтар болушу мүмкүн деген темада серепчилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жыйналып, талкуу кылышты. Анда саясат талдоочу Муратбек Иманалиев төмөнкүдөй оюн билдирди.

«Кыргызстанда акыркы убактарда өз пикирлери жана идеялары үчүн активдүү күрөшүүгө аракеттенген коомчулукта үч топту байкоого болот. Азыркы учурда анчалык активдүү эмес бирок маал-маалы менен чыгып өздөрүн билдирип турган исламисттер, Орусияны колдогон, алардын кызыкчылыктарына багыт алгандар жана Батышка ыктап, өздөрүн либералдар деп эсептеген топ.

Тилекке каршы учурда бул топтор кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ишмердүүлүгүн жүргүзбөй жатат. Коомчулук туш-тарапка бөлүнүп чаржайыт өнүгүп баратат.

Эл аралык укуктун жолугушу, Кыргызстандын колунда куралы жок дегенди түшүндүрөт. Сырткы дүйнө менен байланыш түзүүгө мүмкүн болбой калат. Чакан мамлекеттердин тагдыры чоң өлкөлөргө байланыштуу болуп, дайым жанында кармалып турушу керек болгон. Бирок Японияны мисал катары карасак, алар Кытайдын жанында кармалып келгени менен азыр өнүккөн өлкө катары белгилүү. Серепчилер келечекте Япония кайрадан эле Кытайдын агымына жараша саясатка өтөт деп жатышат, аны убакыт көрсөтөт”.