“Силердин өлкө агрессорду колдоду”: Атай Өмүрзаков жумушсуз калды

Белгилүү кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу “силердин өлкө агрессорду колдоду. Биз силер менен кызматташа албайбыз»- деп Европа иштешүүдөн баш тартканын билдирди.

WhatsApp Image 2022 03 02 at 17.57.25 “Силердин өлкө агрессорду колдоду": Атай Өмүрзаков жумушсуз калды

“Бүгүн Даниядан телефон чалышып, биздин келишим үзүлгөнүн билдиришти. Биз пандемиядан улам эки жыл иштеген эмеспиз, эми бир канча жылга тыюу салды.

Эми жумуш издейин, артисттик кесип мен жана окуучуларым үчүн бүттү. «Силердин өлкө агрессорду колдоду. Биз силер менен кызматташа албайбыз» деп түшүндүрүштү. Мындай макам үчүн рахмат!», — деген Өмүрзаков.