
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовду прокуратура кызматкерлери кармап кетишти.
Алардын айтымында, окуя 28-февралда Пирматов Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган Кыргызстандагы эң чоң көрнөк-жарнактарды бузуу ишинин алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган.
Пирматов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.