Аскар Сыдыков: Өкмөт мигранттарга жардам берүүнүн жолун карашы керек

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков Орус-Украин согушунун алкагында Кыргызстандын экономикасында кыйынчылыктар башталганын BULAK.KG сайтына айтты.

«Азыркы маалда бул кырдаалда так баа бериш кыйын, валюта рыногунда алдыда эмне болору белгисиз, түрдүү өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Учурда сомдун куну түшүп кыйынчылыктар сезиле баштады. Элдин муктаждыгына биринчи кезекте керек болгон товарларды эске алуу керек.

Азык-түлүк жана күйүүчү майлардын запастары канча экендигин, Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынан түшкөн акча которуулардын келечеги эмне болот деген суроолор бар. Биздин өкмөт аларга кандай жардам берип, терс кесепттерди кантип минималдаштыра аларын карашы керек болууда.

Ыкчам түрдө Өкмөттүн же Коопсуздук Кеңешинин отуруму болуп, биз тийиштүү мамлекеттик органдардын пикирлерин билсек жакшы болмок”.