Эл өкүлү Айбек Маткеримов: Маркумдун көрүн казгандарга, сөөгүн жуугандарга сый акыны токтотуу керек

Маркумдун көрүн казгандарга сый акы бергенди токтотуу керек. Мындай пикирин депутат Айбек Маткеримов билдирди.

«Маркумду коюп келгенден кийин көрүн казгандарга, жуугандарга көп жерде сый акылар берилет. Мындай көрүнүштөрду токтотуу керек. Бир жыл бою аза күтүп, кийин ак кийим кийген тойго айланып кетип жатат. Биздин мындай салтыбыз болгон эмес», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февралда «Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрүп жатат.