РИА Новости Кыргызстандын учурдагы президентин мурункусуна алмаштырып алды

Орусиялык Риа Новости маалымат агенттиги учурдагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин телефон аркылуу баарлашканы тууралуу жазды.

Бирок, сүрөттө Садыр Жапаров эмес, Сооронбай Жээнбековдун Владимир Путин менен кетип бара жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Лидерлер кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.