

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбор калаанын төрт районунда тең жардамдарды бөлүштүрүү пункттары социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча уюштурулган.
“Ар бир үй-бүлөгө балдардын сырт кийими, жылыткыч, жууркан берилди. Жалпысынан уюм тарабынан бишкектиктер үчүн 400 даана балдар курткалары, ал эми муктаж үй-бүлөлөргө 253 жылыткыч жана 1200 жууркан (ар бир үй-бүлөгө 3 жууркан) бөлүнгөн”, – деп айтылат билдирүүдө.


Борбор калаанын мэриясы көрсөтүлгөн жардам үчүн уюмга ыраазычылык билдирет.