Түркиянын тышкы иштер министрлиги Россиянын Украинага каршы аскер операциясы тууралуу билдирүү таратты.
«Бул кол салуу эл аралык укукту одоно бузуу болуп эсептелет жана бул биздин аймакка жана бүтүндөй дүйнө коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет.
Түркия аймактык бүтүндүктү жана өлкөнүн эгемендигин сыйлоо керек деп эсептеп, чек араны куралдын күчү менен өзгөртүүгө каршы турат.
Россия Федерациясын акыйкатсыз жана укукка каршы аракеттерин мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга чакырабыз, -деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп сыпаттаган.