
24-февралда Казакстандын Түркстан облусундагы Сузак районунда «Казатомпромдун» туундуу компаниясы эсептелген «Волковгеология» ишканасынын «Оңтүстік ВГ» ГРЭ-7 деп аталган филиалынын жүздөгөн жумушчусу иш таштады. Алар айлыктарды 100% жогорулатууну талап кылууда.
Жумушчулар талаптары жазылган жамааттык кайрылууну ишкананын жетекчилигине беришкенин билдиришти. Эгер талаптар аткарылбаса алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрыла тургандыктарын айтышты.
«Мен ишканада 20 жылдан ашык убакыттан бери иштейм, айлыгым 140 миң теңге (300 доллар). Жалпы жумушчулардын айлыгы 65-140 миң теңгени түзөт. Бул акчага жашоо өтө оор. Планды 100% аткарсаң сыйакы берилет, бирок аны толук аткаруу мүмкүн эмес», — деди өзүн Нурлан Беков деп тааныштырган жумушчу.
Иш таштагандардын айтымында, «Оңтүстік ВГ» ГРЭ-7 ишканасынын филиалында вахталык ыкма менен миңден ашык киши иштейт. Учурда алардын 500ү эс алууда болсо, дагы 500ү жумушка чыгуудан баш тартышкан.