Кар көчкү басып калган унаа табылды

Түндүк-түштүк альтернативдүү авто жолунун 338-чакырымында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түштүк тарабында кар көчкү басып калган унаа табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, унаанын ичинде адам болгон эмес. Бул тилкеде жол салып жаткан «Чайна Роуд» ишканасынын бир жумушчусу кар көчкү алдында калып, табыла элек.

Эскерте кетсек, түндүк-түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымындарында кар көчкү түшүп, 4 адамды кар көчкү басып калган.