Эл аралык олимпиадада окуучулар 2 алтын жана 3 коло медаль жеңип алды

Ушул жылдын 15-23-февраль күндөрү математика, информатика жана физика сабактары боюнча XVIII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү.

Маалыматка ылайык, аталган олимпиадага 22 өлкөдөн 1178 дөн ашык окуучу катышты. Кыргызстандын командасы 49 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 27 окуучусу кирди.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерди көрсөтүштү: 

Информатика сабагынан Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу  Беккоёнов Тенгиз жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар алтын медалга ээ болушту. М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Дыйканбаев Талант коло медалга ээ болушту.

Ал эми математика сабагы боюнча Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин 11-классынын окуучусу Бактыбеков Талгат коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле талантуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.