Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазып, АКШ президенти Жо Байденге, Германиянын канцлери Олаф Шольцко, Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго, Польшанын президенти Анжей Дудага жана башка батыш өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды.
“Путинди Украинага каршы, дүйнөгө каршы согушту дароо токтотууга чакырам. Путинге каршы коалиция түзөлү. Чукул санкцияларды салгыла, Украинаны коргоо жана финансылык колдогула. Аба мейкиндигин жапкыла. Дүйнө Орусияны тынчтыкка келүүгө мажбурлашы керек”, — деп жазды Зеленский.