
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 23-февралга карата коронавирустан бир адам каза болуп, 20 адам жаңы жуктурган.
Чүй облусунда жети, Бишкек шаарында тогуз, Ысык-Көл облусунда эки, Баткен облусунда эки адам оору жуктуруп алды.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 388ге жетти. Өлкө боюнча 194 377 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 948 адам көз жумду.