“Манас” аэропортунун аймагындагы унаадан жансыз дене табылды

«Манас» аба майданынын аймагынан унаадан эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Чүй милициясына бул тууралуу маалымат 22-февральда келип түшкөн.

Жерине атайын кылмыз-изилдөө тобу барды. Милиционерлер унаанын салонунан 1982- жылы туулган А.Снын сөөгүн табышкан. Ал киши колдуу болгону айтылган жок, бирок денеде эч кандай тактар табылган эмес.

Чүй милициясы билдиргендей, унаада газдын жыты, шлангдын бир учу кыймылдаткычка, бир учу багажникке туташтырылган абалда табылды.

Бул кылмыш Сокулук районда катталды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда кылмышты изилдөө иш чаралары жүрүп жатат.